Connect with us

«Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр кирди

Кыска кабар | 1 Дек 2023 | 206 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга кол койду. Документ 2023-жылдын 19-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам турак жай-курулуш кооперативдерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылууга, кооперативдерге кирүү жолу менен жарандардын турак жай сатып алууда укуктарын ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам менен турак жай-курулуш кооперативдеринин ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу орган жана анын ыйгарым укуктары Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдери жашоо үчүн багытталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн гана түзүлөт. Иштин башка түрлɵрү каралбайт.

Курулуш кооперативинин мүчөсүнүн үлүштүк салымы кооперативдин үлүштүк фондуна акча эквивалентинде төлөнөт. Жоготууларды жабуу же кооперативди үлүштүк фонддун эсебинен кармап туруу каралбайт.

Өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүү жана устав менен анын суммасын жана мүлкүнүн үлүшүн аныктоо керек, ал жок болсо, юстиция органдарында каттоого мүмкүн эмес.

Кооперативдин иши тышкы аудитордук текшерүүгө алынышы мүмкүн, аудитордук уюмду (аудиторду) тандоо кооперативдик кеңеш же ревизиялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Аудитордук уюмду же аудиторду тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM