Connect with us

Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн жайлар жабыларын айтты

Кыска кабар | 30 Ноя 2023 | 253 | 0

Кыргызстанда 1-декабрга чейин интимдик кызмат көрсөткөн жайлар жабыларын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.

Ал УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу зарылдыгын белгиледи.

«Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине 2023-жылдын 1-декабрына чейин республика боюнча мындай мекемелердин ишин токтотуу тапшырмасы берилди. Эгер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине аталган мекемелердин мындан аркы иши тууралуу маалымат келип түшсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери ээлеген кызматтарынан четтетилет», — деди Ташиев.

УКМК жакында эле Бишкек шаарында жана Чүй облусунда интимдик кызмат көрсөтүлгөн ондон ашык жайды жапкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM