Биз менен байланышыңыз

«Дордой» базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты

Кыска кабар | 30 Ноя 2023 | 324 | 0

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектеги «Дордой» базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты. Алар жаңы жылдан тарта киргизиле турган өзгөчө салык режимине нааразылык билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышууда.

Ишкерлерге татаал эмес, жөнөкөйлөштүрүлгөн салык режимин киргизүүнү өтүнүп, салык мыйзамдары кабыл алынарда соодагерлер менен кеңешүүнү талап кылышты. Соодагерлер салыктан тышкары да көйгөйлөр көбөйүп кеткенин айтышты.

Бир күн мурун Оштун «Кара-Суу» базарында да соодагерлер нааразылык акциясына чыгышкан.

Мамлекеттик салык кызматы «Дордой» жана «Кара-Суу» базары ККМ аппараттарын колдонуудан бошотуларын, өзгөчө салык режими киргизилерин айтты.

Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат. Азыркы учурда стратегиялык объекттерге «Дордой» жана «Тураталы эл базары» (Кара-Суу) базарлары кирет. Анда иштегендер 2024-жылдын 1-январынан тарта өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда ККМ, ЭЭФ жана ЭТТК колдонуудан бошотулушат. 

Атайын салык режими пайда салыгын, сатуу салыгын, КНСти алмаштырат жана акцизделчү жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарлардан тышкары, товарларды сатууга карата колдонулат.

Copyright © 2017 Maral FM