Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Citi Group инвестициялык банкы менен кызматташууга кызыкдар

Кыска кабар | 30 Ноя 2023 | 142 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарында Citi Group эл аралык инвестициялык банкынын аткаруучу директору Грант Карсон менен жолукту.

Citi Group банкы ири эл аралык финансылык конгломераттардын бири жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча дүйнөлүк лидерлердин тизмесине киргендиктен Кыргызстан өнөктөштү түзүүгө кызыкдар экени айтылды.

Банктын аткаруучу директору Грант Карсон иштешүүгө даяр экенин белгилеп, кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

30-ноябрда Акылбек Жапаровдун Лондон, Кардифф шаарларына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапары жыйынтыкталды.

Анын алкагында өкмөт башчы эл аралык конференцияларга катышты, ошондой эле Британиянын расмий өкүлдөрү жана бизнес  компаниялары менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM