Биз менен байланышыңыз

Убакытты бир саат артка жылдыруу сунушталды

Кыска кабар | 30 Ноя 2023 | 296 | 0

Кыргызстанда убакытты бир саат артка жылдыруу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева папламенттин 30-ноябрдагы жыйынында айтты.

Депутат убакытты жылдыруу боюнча сунушту карап чыгуу үчүн өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Анын маалыматына караганда, Советтер союзу мезгилинде кыш, жай мезгилинде саат жылдырылып турган. Кыргызстан акыркы жолу саатты 2005-жылы алдыга жылдырган, андан бери өзгөргөн эмес.

«Элдин ден соолугу үчүн убакытты карап чыгууну сунуштайм. Себеби айыл жеринде балдар бала бакчага же мектепке таң эрте барарда жолбун иттерге таланган учурларды угуп жүрөбүз. Балдар өтө эрте турганда саламаттыгына да терс таасири тиет деген адистердин аныктамалары бар. Ошондуктан Кыргызстандагы убакытты бир саат артка жылдыруу сунушун карап чыгууну өтүнөм» , — деди депутат.

Кыргызстан убакыт боюнча Өзбекстан жана Тажикстандан бир саат алдыда жүрөрү айтылды.

Бул пикирди депутат Сүйүнбек Өмүрзаков да колдоп, Н.Койлубаевдин тиешелүү каты Жогорку Кеңештин Төрагасына да келгенин маалымдады. Ал кошумчалагандай, бул чечимдин кабыл алынышы кыш мезгилинде жашоо шартын жеңилдетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM