Биз менен байланышыңыз

Бүгүн президент Бириккен Араб Эмираттарына барат

Кыска кабар | 30 Ноя 2023 | 207 | 0

Бүгүн, 30-ноябрда президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен барат. Ал Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын жыйынына катышат.

Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, БАЭдеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча өлкө президенттери чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат.

1-декабрда Садыр Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.

2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда. Мындан тышкары, БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого катышат.

Copyright © 2017 Maral FM