Биз менен байланышыңыз

Депутат Самыйкожо: Туу боюнча долбоор жасалма жол менен кабыл алынды

Кыска кабар | 29 Ноя 2023 | 309 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламенттин 30-ноябрдагы жыйынынын күн тартибине мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору жасалма жол менен киргизилип, кабыл алынганын айтып чыкты.

Ошондой эле өзү мамлекеттик туунун өзгөрүшүнө каршы экенин, бирок добуш берүүдө компьютеринен анын атына «макул» деген добушту бирөө басып койгонун айтып, нааразы болду.

Депутат белгилегендей, Конституциянын 2-беренесинин 5-бөлүгүндө «мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер референдумга коюлушу мүмкүн» деп жазылып турат.

«Мамлекеттик тууну өзгөртүү мамлекеттик маанидеги иш эмеспи? Кечээ дагы тармактык комитеттин жыйынына туунун авторлорун алып келген жоксуңар. Биз муну алешемдик, алдамчылык жол менен өткөрүп алдык. Бул эмне деген маскарапоздук, эшиктеги элдин 90 пайызы каршы болуп жатат. Референдум кылыш керек эле. «Көзүн ачып жүрүп уктаган, кулагын асып жүрүп, укпагандар» биз болуп жатабыз» , — деди депутат.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө»мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM