Биз менен байланышыңыз

«Кара-Суу» базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты

Кыска кабар | 29 Ноя 2023 | 376 | 0

Бүгүн, 29-ноябрда Оштогу «Кара-Суу» базарында иштеген соодагерлер нааразылык акциясына чыгышты. Катышуучулар сүрөт, видеолорду социалдык тармактарга жарыялашты.

Алар көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) милдеттүү түрдө орнотууга жана соода контейнерлерине электрондук эсеп-фактураларды колдонууга каршы болушуп, төлөм шарттары боюнча так маалымат берүүнү талап кылышты.

Жаңы жылдан тарта соода ишмердигинин айрым түрлөрүнө патенттин мөөнөтү бүтөт. Бул жаңычылдык салык салуунун заманбап ыкмаларына өтүү үчүн жана бирдиктүү салыкка негизделген жөнөкөйлөтүлгөн системаны кеңири жайылтууга байланыштуу кабыл алынган.

Анын алкагында Бишкектеги «Дордой» базары, Оштогу «Кара-Суу» базарына өзгөчө салык режими киргизилери айтылган.

Сүрөттөр социалдык тармактан алынды.

«Өзбекстан менен Казакстан тартып кетүүдө». Тигүү тармагына өзгөчө мамиле кылуу сунушталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM