Биз менен байланышыңыз

«Өзбекстан менен Казакстан тартып кетүүдө». Тигүү тармагына өзгөчө мамиле кылуу сунушталды

Кыска кабар | 29 Ноя 2023 | 287 | 0

Жеңил өнөр жайына салык боюнча өзгөчө жобо киргизүү керек. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев парламенттин 29-ноябрдагы жыйынында өкмөткө кайрылып жатып айтты.

Ал «Дордой» базарында соода-сатык менен алектенгендерге өзүнчө, тигүү тармагында иштегендерге өзүнчө көңүл буруп, салык тууралуу маалыматтарды толук жеткирүү туура болорун белгиледи.

Депутаттын айтуусунда, тигүү тармагында иштегендер Өзбекстан менен Казакстанга кетүүдө. Жеңил өнөр жайына өкмөт туура салыктык режим киргизип, көңүл бурбаса жеңил өнөр жайы жоголгону турат.

«Жеңил өнөр жайында миллионго жакын адам иштейт, ошонун баары биздин жарандар. Убагында Алмазбек Атамбаев (мурдагы президент) жеңил өнөр жайын көтөрүп койгон. Азыркы өкмөт аны алып салып, альтернативдүү салык режимин азыркыга чейин жакшы түшүндүрүп бере албай жүрөт. Өкмөт тез аранын ичинде элге, ишкерлерге салык боюнча толук маалымат берүүңөр керек» , — деди депутат.

Жаңы жылдан тарта соода ишмердигинин айрым түрлөрүнө патенттин мөөнөтү бүтөт. Бул жаңычылдык салык салуунун заманбап ыкмаларына өтүү үчүн жана бирдиктүү салыкка негизделген жөнөкөйлөтүлгөн системаны кеңири жайылтууга байланыштуу кабыл алынган.

Анын алкагында Бишкектеги «Дордой» базары, Оштогу «Кара-Суу» базарына өзгөчө салык режими киргизилери айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM