Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тууну өзгөртүүнү ЖК комитети биринчи окууда колдоду

Кыска кабар | 28 Ноя 2023 | 326 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин 28-ноябрдагы отурумунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси-Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.

Демилгечилердин бири, депутат Улан Примов мыйзам долбоору өлкөнүн башкы мамлекеттик символдорунун бири болгон желегин жакшыртууга багытталганын белгиледи. Желектеги нурлардын формасын толкун сымал формалардан күндүн нурларына так окшош формага өзгөртүү сунушталат.

«Кыргыз Республикасынын желегиндеги күн нурларынын жаңы эскизин даярдоодо бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгуучу авторлор тартылган, алар менен математикалык эсептөөлөр, чиймелер жана коштоочу иштер жүргүзүлгөн», деп айтылат негиздемеде.

Талкуу учурунда депутат Дастанбек Жумабеков желектин айрым элементтерин өзгөртүү маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады.

Депутат Мейкинбек Абдалиев Кыргызстандын жарандарынын пикирин эске алуу керектигин айтса, депутат Улан Примов 32 жыл мурун желекти референдум эмес, парламент бекиткенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM