Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору ЖК комитетинде каралат

Кыска кабар | 28 Ноя 2023 | 342 | 0

Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин кароосуна киргизилди.

Комитеттин 28-ноябрдагы отурумунун күн тартибинде каралмай болду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов комитеттен мыйзам долбоорун биринчи маселе катары кароону өтүнгөн.

Быйыл сентябрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоор коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунда туудагы күн нурларынын формасын өзгөртүү демилгеленген.

Ошондой эле күн нурунун формасын өзгөртүүдө авторлор баштапкы этапта, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп иштеп чыгышканы айтылган. Аны менен катар мыйзамдын кабыл алынышы башка мыйзамдарга карама-каршы келбесин, коомдо терс кесепеттерди жаратпасын белгилешет авторлор.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM