Улуттук банк 27-ноябрда эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Жылдык инфляциянын көрсөткүчтөрү 2023-жылдын ноябрь айында 8 пайызды түзгөн, бул 2023-жылдын башына карата белгиленген көрсөткүчтөн 6,7 пайыздык пунктка төмөн дегенди билдирет.
Айрым товарларга баалар мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгендиктен 2023-жылдын башына карата 15,8 пайыздан 2023-жылдын ноябрь айында 3,9 пайызга чейин төмөндөгөн.
Ошол эле учурда, азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар мурдагыдай жогору бойдон калууда.
Улуттук банк өлкө экономикасы өсүп жатканын билдирет. Ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2023-жылдын январь-октябрь айларында 4,5 пайызды, «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда – 6,5 пайызды түзгөн.
Экономиканын өсүшүнө кызмат көрсөтүү тармагындагы жана иштеп чыгуу өнөр жайындагы өсүш түрткү болгон.
2022-жылы эсептик чен 14 пайызга жогорулатылган. Эсептик чендин көтөрүлүшү банктар менен насыя жана депозиттердин пайызы жогорулайт дегенди билдирет.