Биз менен байланышыңыз

Суу чарба объектилерин оңдоп-түзөөгө 833,8 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 28 Ноя 2023 | 221 | 0

Суу ресурстары кызматынын карамагындагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 2023-жылга баштапкы сметада 962,1 млн сом каралып, 2023-жылдын 27-ноябрына карата 833,8 млн сом каржыланды.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 618,5 чакырым чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 648 гидротехникалык курулмалардын, 265 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 8 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо, 105 насостук станциялардын, 168 насостук агрегаттардын оӊдоо, 22 насостук агрегаттын жаӊылоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле 211,6 чакырым коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылып, натыйжада 4232 га сугат жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.

Ал эми Суу ресурстары кызматынын 2023-жылдын «капиталдык оңдоолор» титулдук планына ылайык оңдоо-калыбына келтирүү жана механикалык тазалоо иштери 2023-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM