Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Глобалдык жашыл өсүш институтунун өкүлчүлүгүн ачуу канчалык маанилүү?

Коом , Экономика | 28 Ноя 2023 | 609 | 0

Кечээ, 27-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинети менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) укуктук статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында эл өкүдөрү тарабынан бул мыйзам долбоорунун алкагында конкреттүү долбоорлордун жоктугу, Глобалдык жашыл өсүш институтунун бөлүмүн өлкөгө ачуу менен кандай пайда алып келээри тууралуу маселелер көтөрүлдү. Аталган инстутут өлкөдөгү жашыл экономикага байланыштуу долбоорлорго каражат табуу менен алектенет.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун өкүлчүлүгүн Кыргызстанда ачуудагы негизги максатына токтолду:

«Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун өкүлчүлүгүн Кыргызстанда ачуудагы негизги максат өлкөдөгү жашыл энергетика, сууну сактоодо, абанын таза сактоо жаатында, жалпы экология тармагы боюнча эксперттик, аналитикалык жардам берүү, анализдөө, иликтөөгө жардам берет. Аны менен катар аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык фонддордон каражат тартуу жаатына да жардам берет».

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү тарабынан аталган инстутуттун өкүлчүлүгү өлкөдө ачылгандан кийин кандай долбоорлор ишке ашырылышы тууралуу маалымат жоктугу сынга кабылды. Ача берели, анан көрөбүз деген маселе болбошу керектиги тууралуу маселе көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бул долбоорду колдоорун бирок, конкреттүү долбоорлордун жоктугун сынга алды.

«Так долбоорлор жок болуп жатат. Ала берели, анан көрөбүз деген нерсе болбош керек. Азыр бул жерде «алар келсе бул тармакка жардам берет, ушул долбоорлорду ишке ашырат, бул тармакты ушул деңгээлге чыгарат» деген маселе айтылган жок. Азыр эксперттер көп, акыл айткандар көп, бирок жерди басып, колу менен топуракты кармап көргөндөр азайып кетти. Союз учурундагы жашылдандыруу системасына аябай таң калып отурам. Алар ишембилик жана башка ыкмалар менен эле жасап келишкен. А азыр миллондогон каражаттар келип жатат бирок анын эфективдүүлүгү канчалык деңгээлде болуп жатканы көрүнбөй жатат, пайдасы жок болуп жатат».

Ал эми дагы бир депутат Чыңгыз Айдарбеков өлкөдө эл аралык уюмдардын саны көп экенин бирок алар мамлекеттик органдар менен кызматташтык жаатында байланыш жоктугун сынга алды. Экология жаатындагы долбоорлорго Экология министрлиги демөөрчү таба албайбы деген суроону койду.

«Бул өзөктүү маселе деп айтылып жатат, жакында миллондогон бюджет тартылат деген сөз болду. Бир миллон каражат бөлүндү, Өкмөт бул каражатка эмне жасады? Бизде эл аралык жашыл экономика менен алектенген, айлана чөйрөнү коргоо менен иштеген уюмдар бар. Бул уюмдар менен мамлекеттик органдардын арасында кайсы орган, кимдер тыгыз иштейт? Биз уюмдарды түзүп жатабыз бирок ошол органдардын арасында ким жоопкерчиликти алат, кийин бары жоопкерчиликтен качып, мойнуна албай коёт. Азыр да эл аралык уюмду карап жатабыз. Бул бизге «донор табат, тартат» деп айтып жатасыңар. А бизде экологияны караган атайын министрлик бар, а эмне долбоорлорго каражат табууга анын дарамети жетпейби?»

Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтуна Улуу Британиянын, Даниянын, Кореянын тышкы иштер министрлиги, Норвегиянын айлана чөйрөнү жана курчап турган чөйрөнү коргоо министрлиги, “Жашыл” климаттык фонду жана 40ка жакын мамлекет мүчө.

Copyright © 2017 Maral FM