Биз менен байланышыңыз

Лондон менен Бишкектин ортосундагы аба каттамдарды жандандыруу сунушталды

Кыска кабар | 27 Ноя 2023 | 263 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министри Дэвид Кэмерон менен жолукту.

Жапаров социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорлорунун алкагында, адамдык потенциалды чыңдоо, жакырчылыкты кыскартуу, чакан жана орто бизнести колдоо боюнча Улуу Британиянын Кыргызстанга кошкон салымын жана жардамын жогору баалай турганын айтты.

2021-2022-жылдары долбоорлор жана программалар аркылуу Улуу Британиянын Кыргызстанга болгон жардамы 5,2 млн долларды түзгөн, мындан тышкары 10,56 млн доллар Кыргызстандын өнүгүүсүнө расмий жардам катары бөлүнөөрү күтүлүүдө.

Сүйлөшүү учурунда Акылбек Жапаров акыркы 3 жылда Кыргызстандын ИДПсы дээрлик эки эсе өскөнүн, ал өлкөдөгү саясий туруктуулуктун, ийгиликтүү башкаруунун, коррупцияга каршы күрөштүн жана экономикалык реформалардын аркасында өлкөнүн бюджети 3 эсеге өскөнүн айтты.

2023-жыллын 8 айында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 60 млн доллардан ашканы, ал 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 480%га өскөнү айтылды.

Жапаров быйыл Кыргызстан үчүн сезон учурунда жумушчулардын квотасы 8 миң адамга жеткенин белгиледи жана сезондук жумушчулардын саны мындан ары да өсөрүнө ишеним билдирди.

Мындан тышкары, 1994-жылдагы кыргыз өкмөтү менен британ өкмөтүнүн ортосунда аба каттамдары боюнча макулдашууга ылайык Лондон менен Бишкектин ортосунда үзгүлтүксүз каттамдар болуп турган, бирок 2013-жылдын бери каттамдар токтотулган.  Акыркы жылдары Улуу Британияда иштеген, окуган кыргызстандыктардын саны көбөйүшү, туристтердин агымын эске алып, туруктуу аба каттамдарын калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч келтирди.

Акылбек Жапаров 25-ноябрда жумуш сапары менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кардифф шаарына барган.

Ал Лондондо өткөң «МАЙНЕКС – Евразия» кен казуу өнөр жайында инвестициялар боюнча 11-эл аралык конференцияга катышып, тоо кен тармагы боюнча сөз сүйлөдү.

Copyright © 2017 Maral FM