Биз менен байланышыңыз

Президент ипотекага бериле турган үйлөрдүн курулушун текшерди

Кыска кабар | 26 Ноя 2023 | 399 | 0

Бүгүн, 26-ноябрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров мамлекеттик ипотекага бериле турган үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү кабат үйлөрдүн он бири келерки жылдын сентябрында толук бүтөрүн билдирген. Он бир үйдүн ар бири 18 кабаттан туруп, жалпы 986 батир бар.

Бул аймакта жалпысынан 39 үй курулуп, мамлекет аркылуу жеңилдетилген шартта ипотекага берилет.

Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM