Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталды

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 26 Ноя 2023 | 3467 | 0

Бүгүн, 26-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев жетектеп кеткен өнөрпоздордун иш-чарасы бүгүн саат 15:00дө Анкара мамлекеттик искусство жана айкел музейинде башталып, анын жүрүшүндө кыргыз кинолору көрсөтүлөт.

Андан тышкары Анкара мамлекеттик чоң театрында маданият күндөрүнүн ачылышы өтүп, ал кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү менен коштолот.

Кыргызстандын Анкара шаарындагы маданият күндөрү 26-27-ноябрда өтөт. Ушул эле кечени 29-ноябрда Анталия шаарына да уюштуруу мерчемделүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM