Connect with us

«Ананайын» деп ырдаган Бахадыр Карабаев дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 26 Ноя 2023 | 2534 | 1
Сүрөт super.kg сайтынан алынды

Ырчы Бахадыр Карабаев 47 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу «Маралга» жакындары кабарлады.

Легендарлуу «Жаш кыял» тобунун жетекчиси Бахадыр Карабаев 1990-жылдардан тарта элге тааныла баштаган. Анын «Ананайын», «Салфия», «Гүлмира», «Унутчу мени» сыяктуу ырлары ошол жылдарда өтө популярдуу болгон.

Ал жетектеген «Жаш кыял» тобу 2000-жылдары ар кандай себептер менен тарап, чыгармачылыкта Бахадыр Карабаев менен Доорон Жолдошев эле калган.

«Маралдын» жалпы жамааты ырчынын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM