Ырчы Бахадыр Карабаев 47 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу «Маралга» жакындары кабарлады.
Легендарлуу «Жаш кыял» тобунун жетекчиси Бахадыр Карабаев 1990-жылдардан тарта элге тааныла баштаган. Анын «Ананайын», «Салфия», «Гүлмира», «Унутчу мени» сыяктуу ырлары ошол жылдарда өтө популярдуу болгон.
Ал жетектеген «Жаш кыял» тобу 2000-жылдары ар кандай себептер менен тарап, чыгармачылыкта Бахадыр Карабаев менен Доорон Жолдошев эле калган.
«Маралдын» жалпы жамааты ырчынын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.