Кыргызгидромет билдиргендей, 26-ноябрда өлкө аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.