Биз менен байланышыңыз

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты

Кыска кабар | 25 Ноя 2023 | 338 | 0
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Талантбек Иманов

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Эл аралык финансы корпорациясы, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги жана Accelerate Prosperity коомдук фонду менен биргеликте «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу агенттиктин жетекчиси Талантбек Иманов билдирди.

Анын айтымына караганда, буга чейин венчурдук каржылоо чөйрөсүнө тийиштүү көңүл бурулган эмес жана бул тармак мыйзамдуу түрдө жөнгө салынган эмес.

Мыйзам долбоору венчурдук каржылоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги милдеттерин аныктайт жана башка чектеш тармактарга да таасирин тийгизип, бул чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салат.

Талантбек Иманов жакын арада венчурдук каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюларын, андан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.

Венчурдук инвестициялоо — бул жаңы (стартап) же өсүп келе жаткан компанияларды каржылоо үчүн арналган инвестициялар. Венчурдук инвестиция АКШда башталган. АКШнын инновацияга кошкон салымы өтө жогору жана көптөгөн өлкөлөр АКШнын тажрыйбасын колдонуп, венчурдук капиталдык салымдарды өнүктүрүүгө шарт түзө башташты.

Улуттук экономиканы өнүктүрүүгө венчурдук инвестициялардын катышуусунун аркасында заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү тармактарды түзүп, илим менен экономиканын реалдуу секторунун ортосунда тез жана натыйжалуу синтезди камсыз кылууга болот.

Венчурдук инвестициялоонун объектилери стартаптар болуп саналат. Стартап — бул белгилүү бир көйгөйдү чечүүгө багытталган, революциялык жаңылыктарга негизделген жаңы долбоор.

Copyright © 2017 Maral FM