Биз менен байланышыңыз

Аялдарга карата зомбулукка каршы дүйнөлүк жараян башталды

Кыска кабар | 24 Ноя 2023 | 287 | 0

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аялдарга карата зомбулук фактыларынын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Бүгүн Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк дүйнөлүк жараяны башталды.

Акылбек Жапаров үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын алдын алуу жана токтотуу маселеси мамлекеттик бийликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Ал укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийлик тутумдарынын жана социалдык кызматтардын жетекчилерине бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырды. Мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды кайра карап чыгуу, аялдарды коргоо боюнча жаңы чараларды киргизүүнү тапшырды.

«Теңдикти жана гендердик саясатты илгерилетүү бул жөн гана тенденция, оозеки сөздөр же эл аралык милдеттенмелерибизди аткаруу эмес. Бул дени сак, адилеттүү жана өнүккөн коомдун пайдубалы. Ошондуктан биз коопсуз, тынч жана бакубат жашоону түзүү үчүн коомубуздун ар бир мүчөсүн коргоого бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу саясаты Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн көңүл борборунда кала берет», — деп белгиледи Жапаров.

Учурда Жогорку Кеңештин кароосуна мындай көрүнүштөрдү болтурбоо чарасынын жаңы түрү – зордук-зомбулук жасаган адамдарга тагынуучу электрондук билериктерди караган мыйзам долбоору сунушталды. Электрондук билериктердин жардамы менен алардын жайгашкан жерин жана зордук-зомбулукка кабылган адамдарга жакындаган радиусун байкоого болот.

Мындан тышкары, жолугушууда 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча атайын программа иштелип жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM