Биз менен байланышыңыз

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси опузалоого шектелип кармалды

Кыска кабар | 24 Ноя 2023 | 384 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 200 миң АКШ долларын опузалап алуу фактысы боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. кармалганын кабарлады.

23-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде («Опузалап талап кылуу») каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон иштин алкагында көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А.дан 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен  Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А.  кармалды.

Иликтөө иштеринин алкагында кеңешчи эки жаран менен келишип (А.П.Н. жана А.А.Н. аттуу жарандар) «рейдерлик жол менен басып алды жана көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады» деген арыз менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А.га карата чара көрүү жөнүндө кайрылышканы аныкталган.

Көмүр казуучу ишкананын директору А.Б.А.дан көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын опузалаганы такталды. Учурда иштин жагдайларын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү жана ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM