Connect with us

УКМК ЦУМ соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчисин кармады

Кыска кабар | 24 Ноя 2023 | 243 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 22-ноябрда «Сити центр» ЖЧКсынын башкы директору Ж.З.О. кармалганын кабарлады.

Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү — «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) каралган кылмышты жасагандыгы боюнча айып тагылды.

«Сити центр» ишканасы «Айчүрөк» (ЦУМ) соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат, ал соода борборундагы соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенет.

Учурда мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтардагы бурмалоолорду аныктоо жана республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

2023-жылдын 11-ноябрында «Айчүрөк» соода борборунун ээси Анвар Маметовго (Габбазов) тергөө органдары тарабынан издөө жарыяланган.

Мындан тышкары, УКМК тарабынан кримтбол Камчы Асанбекке таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM