Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров мектептерде акча чогултуу маселеси бир жумада чечилерин айтты

Кыска кабар | 23 Ноя 2023 | 354 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги, Каржы министрлиги, вице-премьерлер мектептерде акча чогултуу боюнча маселени бир жуманын ичинде чечет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 23-ноябрдагы жыйынында айтты.

Депутат Эрулан Көкүлов ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганы менен бул аракет эмнеге токтобой жатканын сурады.

«Керектүү акчаны бөлүп берүү керек. Бизде буга чейин канча акчаны кайсы жакка чогултулуп жатканы боюнча бир да норма жок экен. Азыр ар бир мектептин сметасын топтоп жатабыз. Кароолчуга, бор жана башка муктаждыктарга канча акча кетерин эсептеп чыгып, бирдиктүү сметага алып келиш керек. Азыр эки-үч баласы окуучу болгон ата-энелер акча бербей турсун. Мектептер канча акча керек экенин айтып кайрылышса, акча бөлүнөт. Биз эсептеп чыккан алгачкы сумма 1 млрд 386 млн сомго чыгып кетти», — деди Акылбек Жапаров.

Ал колунда жок ата-энелерге өкмөт такай жардам берип турушу керектигин, бирок меценаттарга каршы болбош керек деген позициясын кошумчалады.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын маалыматына караганда, аймактардагы мектептердин керектөөлөрүнө 55 млн сом бөлүндү. Бишкек шаарындагы мектептердин керектөөлөрү боюнча мэрияга сунуштар берилген.

Президент Садыр Жапаров быйыл 23-майда «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын мектептеринде мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM