Connect with us

Чек ара кызматына 2 жылда 20 млрд сомдон ашуун каражат жумшалды

Кыска кабар | 23 Ноя 2023 | 266 | 0

Чек ара кызматына 2 жылда 20 млрд сомдон ашуун каражат жумшалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берип жатып айтты.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктады, ал эми кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери эки өлкөнүн дипломатиялык түшүнүүчүлүк нугуна түшкөн.

Чек ара кызматына 2 жылда 20 млрд сомдон ашуун каражат жумшалды. Курал-жарактар, учкучсуз учактар, брондолгон машиналар, камаздар сатып алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети 2 жылда 4 эсе көтөрүлдү, биринчи жолу министрлик 3 тик учакка ээ болду. Жалпы 700 техника жаңырды. Мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 422 млн сом берилди.

Коргоо министрлигине биринчи жолу зениттик-ракеталык комплекс алынган, азыркы күндө 10 тик учак, 1 учак иштейт.

«Ички иштер министрлигинде ар бир участкалык милицияга бирден планшет, бодикамераларды сатып бердик. 143 автотехника аймактарга кетти, 20 мобилдик автокоплекс ураган берилди. Санариптештирүү жаатында коомдук коопсуздук үчүн 800дөн ашуун видеокамера орнотулду», — деди Жапаров.

Мындан тышкары, улуттук коопсуздук жактан элдин тынч жашоосуна коркунуч туудурган уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш күчөтүлгөнүн, анын арты менен 2 террористтик топтун, 144 диний-экстремисттик уюмдун иши жабылганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM