Connect with us

Жапаров: Тышкы карыздан кутулуу үчүн экономикада тынчтык болушу керек

Кыска кабар | 23 Ноя 2023 | 224 | 0

Быйыл тышкы карыз үчүн 344 млн доллар төлөндү. Кийинки жылы 400 млн доллар, 2025-жылы 430 млн доллар төлөнөт. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 23-ноябрдагы жыйынында айтты.

Ал белгилегендей, 2030-жылга чейин өлкөдө тынчтык болуп, экономика турукташуусу керек.

«Эң ири көйгөй тышкы карыз болуп жатат. Анын эң чоң бөлүгүн төлөө азыркы бийликке туш келген экен. Карызды төлөө үчүн биздин бюджет профицит болушу керек. Тышкы карыздан кутуулуу үчүн дагы карыз алсак, эч качан карыз айлампасынан чыга албайбыз. Ошондуктан бизге беш жыл тынччылык керек. Эч кандай башаламандык болбошу керек» , — деди Акылбек Жапаров.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы октябрдын аягына карата 5,9 млрд долларга жеткен. Анын 4 млрд 486 млн доллары тышкы карыз, 1,5 млрд доллары ички карыз.

Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында республикалык бюджеттин 2022-жылдагы аткарылышы жөнүндө отчет, 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине карата бюджет тууралуу мыйзам долбоору каралууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM