Биз менен байланышыңыз

Коомдук транспортто ыдык көргөндөрдүн окуялары тууралуу китеп чыкты

Кыска кабар | 23 Ноя 2023 | 145 | 0

Эртең, 24-ноябрда Бишкекте Александра Титованын коомдук транспортто ыдык көрсөтүү учурлары туурасында жазылган «Аялдама» аттуу китебинин бет ачары өтөт.

Китеп изилдөөнүн негизинде жазылып, кыздар, жаш балдар коомдук транспортто туш болгон күнүмдүк окуяларына негизделген сүрөттөрдү камтыйт.

Китептин автору белгилегендей, бул «арыздануу китепчеси» эмес, коомдун жалпы сүрөтүн берген долбоор. Окуялар социалдык тармактарда сурамжылоо жүргүзүү аркылуу топтолгон. Бир жума ичинде ыдык көрсөтүүнүн 90 учуру белгиленип, бул китепте анын ичинен 55 окуя орун алды.

Анын ичинде 6 жаштан 16 жашка чейинки балдар менен өспүрүмдөр туш болгон ыдык учурлары болуп эсептелет.

Бул долбоор «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосунда «Искусство актуалдуу социалдык көйгөйлөргө карата коомдук дискурстун калыптануусуна жол берген өзүн көрсөтүү ыкмасы катары» арт-сынактын алкагында ишке ашырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM