Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Көчөдө табылган ымыркайдын абалы туруктуу

Кыска кабар | 20 Ноя 2023 | 504 | 0

Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда көчөдөн табылган ымыркайдын абалы туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 19-ноябрда саат 23:00 чамасында бала борбор калаадагы №2 төрөт үйүнө алынып келинген. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн, учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Арча-Бешик конушунда жеке үйлөрдүн биринин тосмосунун жанынан желим баштыкка оролгон кутуга салынган ымыркай табылган. Кийинчерээк милиция кызматкерлери баланын энеси делген 20 жаштагы С. Ж. аттуу кыз кармалганын билдирген.

Белгилей кетсек, бул бир ай ичиндеги экинчи окуя. Буга чейин Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркай таштандыдан табылган.

Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси өз версиясын айтты

Copyright © 2017 Maral FM