Биз менен байланышыңыз

Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси өз версиясын айтты

Кыска кабар | 17 Ноя 2023 | 2273 | 0

Ымыркайын таштанды челекке таштаганы айтылган кыз Акыйкатчы институтунун кызматкерлери менен жолугушууда баласынан баш тартпай турганын айтты.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине ал окуя тууралуу өзүнүн версиясын айтып берген. Эч кимдин көмөгү жок үйдөн төрөгөнүн, кош бойлуулугун ата-энесинен жашырып жүргөнүн, катуу коркуп жана стресс абалда баланы таштанды челекке таштап салганын айткан.

«Мен жөн гана коркуп кеттим. Өз баламдан баш тартпайм. Мен аны эч кимге бербейм. Мени ата-энем кечирди жана алар баламды багып алабыз деп жатышат»,-деген ал.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен 14-ноябрда А. С. тил кат менен бошотулган.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды баланын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат. Дарыгерлер берген маалыматка ылайык, бала шаардагы төрөт үйлөрүнүн биринде дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM