Connect with us

Президент УКМК төрагасын кайтарууну күчөттү

Кыска кабар | 18 Ноя 2023 | 716 | 0

Айрым ЖМКларда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун камсыздоо күчөтүлгөнү тууралуу маалымат чыкты. Анда бул аракет Ташиевдин соңку кездерде криминал менен күрөшүүсү, ири коррупциялык иштерге бөгөт койгонунан улам экени айтылат.

Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов «Маралга» ырастады.

«Минкаб төрагасынын орун басары — УКМК төрагасын кайтаруу ал аткарган милдеттерди эске алуу менен мурда эле күчөтүлгөн болчу. Азыр андан дагы күчөтүлдү»,- деп билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кайыңды шаарында УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын расмий ачып жатып, акыркы убакта орун алган бир нече окуялар байланыштуу пикирин билдирген.

Алсак, Ташиев «мыйзамдагы ууру» аталган маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) мүлктөрү тууралуу айтты.

«Эгерде балдары, аялы, туугандары мыйзамды бузбаса биз аларга тийбейбиз. Аялы ресторанын сурады бөлүп бердик, унаасын да бердик. Үч кызына үч батирин, эки баласына эки батирин, жер тилкесин бердик. Таза эмгеги менен жашасын, бирок анын мыйзамсыз мүлктөрүн мамлекетке алдык», — деди ал.

Ташиев ошондой эле жакында эле УКМК тарабынан издөөгө жарыяланган Көлбаевдин өкүл атасы, жеке ишкер Азим Рой тууралуу айтып, ал кылмыштары үчүн жооп бере тургандыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM