Биз менен байланышыңыз

Көлбаевдин тобун каржылоого шектелген Азим Ройго издөө жарыяланды

Кыска кабар | 15 Ноя 2023 | 469 | 0
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун  Панфилов районунун Чалдовар айылынын тургуну Орозахун Сайдазимов (азыркы Азим Рой) издөөгө алынганын 15-ноябрда билдирди.

Кримтөбөл Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча кылмыш иши тергелүүдө.

Анын алкагында, Көлбаевдин өкүл атасы экени айтылган Азим Ройго Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү,  224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгү боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды. Ал Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгендиги такталды.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Рой издөөгө алынды.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жаткан «Арстан Таувер» бизнес борборунун 10 млн АКШ долларын түзгөн 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган. Муну менен катар Азим Рой менен К.Асанбектин жалпы каржы иштерин биргелешип башкаруунун башка фактылары да аныкталган.

Тактап айтканда, Азим Рой Бишкектин престиждүү жерлеринин биринде жайгашкан аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион АКШ долларын түзгөн кымбат батирди сатып алып, Азим Ройдун жубайы Н.З.Х. атына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде К.Асанбек жашап келген.

Ошондой эле А.Ройдун дагы Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде К.Асанбектин үйүнүн жанында жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр, 2 миллион АКШ долларын түзгөн дача үйгө ээлик кылган.   Андан тышкары, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттедж да А.Ройго таандык болгон» , — деп айтылат маалыматта.

УКМК жогорудагы адамдын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо 0312 66-04-75, 0312 62-65-04 телефондору аркылуу кайрылууну суранат.

Copyright © 2017 Maral FM