Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров өлкө тарыхында Жогорку Кеңештин орду чоң экенин айтты

Кыска кабар | 15 Ноя 2023 | 236 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, парламенттин 85 жылдык маарекесине карата куттуктоо сөзүн айтты.

Садыр Жапаровдун пикиринде, мамлекеттик бийликтин бир бутагы катары Жогорку Кеңештин орду чоң.

«Мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана көзөмөл кылуу ыйгарым укуктарын, парламенттик комитеттер менен фракциялардын ишин өркүндөтүү, башка мамлекеттик органдар жана жарандык коомдор менен конструктивдүү кызматташуу жаатында Жогорку Кеңештин аракети жылдан жылга өнүгүп барат. Парламентте өткөрүлгөн расмий иш-чараларга 300дөй жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациядан өткөрүүнүн өзү коомубузда эң ачык орган экенин тастыктап турат» , — деди президент.

Жогорку Кеңештин 85 жылдыгы эртең, 16-ноябрда белгиленгенет. 1938-жылы тике шайланган Кыргыз ССРинин Жогорку Совети деп аталган кыргыз парламенти эл өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктарын аткарган.

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төмөнкү мүчөлөрү ант беришти:

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Мелис Тургунбаев;

Саламаттыкты сактоо министри- Алымкадыр Бейшеналиев;

Билим берүү жана илим министри — Догдуркүл Кендирбаева;

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Гүлнара Баатырова;

Санариптик өнүктүрүү министри — Динара Кутнаева.

Copyright © 2017 Maral FM