Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы «Гранд казинонун» ээлеринин бири ким экени айтылды

Кыска кабар | 15 Ноя 2023 | 526 | 0

Кыргызстандагы «Гранд казино» ЖЧКсынын ээлеринин бири Азат Бурханов аттуу Кыргызстандын жараны экенин парламенттин 15-ноябрдагы жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров айтты.

Депутат Дастан Бекешев өлкөдө эң алгачкы лиценция берилген казинонун ээсинин ким экенин сураган.

Депутат Самыйкожо да казино ачуунун демилгечиси мамлекет эмес, айрым адамдар гана болуп жатабы деген суроо койду.

«Ал (Азат Бурханов) демилгечиси эмес, Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, «Гранд казинонун» ээлеринин бири деген жооп берилди» , — деди Марат Пирназаров.

Мирлан Самыйкожо казино ачуу мамлекеттин эмес, «кулак-мурду көрүнүп жаткан» кээ бир адамдардын гана кызыкчылыгы экенин айтып, эмне себептен кыргыз жарандарына казино ачып, иштетүүгө уруксат берилгенин сындады.

Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова өлкөдө ар бир жаран экономикалык иш жүргүзүүгө укуктуу экенин, мамлекет ага шарт түзүүгө милдеттүү экенин айтты. Ошол себептен кыргыз жараны казино ача алат, бирок ойноого мыйзам менен тыюу салынган.

Жыл башынан бери казино иштетүүдөн мамлекеттик бюджетке 90 млн сом салык түштү, лицензиядан 210 млн сом түштү.

Кыргызстанда казино иштетүүгө биринчи жана жалгыз лицензия май айынын башында «Гранд казино» ЖЧКсына 84 миллион сомго берилген.

28-сентябрда «Казино Кристал» ишканасына казино иштетүү үчүн лицензия берилген.

Азат Бурханов аттуу жаран тууралуу интернетте дээрлик маалымат жок.

Copyright © 2017 Maral FM