Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров Жапонияга расмий сапар менен барат

Кыска кабар | 15 Ноя 2023 | 242 | 0

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Жапонияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев айтты.

Сапардын алкагында Жапониянын императору Нарухито, премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары менен жолугушат.

Мындан тышкары, ROTOBO бизнес ассоциациясы, JATA туроператорлор ассоциациясы, JBIC Эксимбанкы, JETRO тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу уюмдардын жетекчиликтери менен жолугушуулар өткөрүлөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-жапон кызматташтыгынын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана консулдук-визалык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат. Эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM