Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Жаныбек Бакчиев камакка алынды

Кыска кабар | 15 Ноя 2023 | 280 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынды.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 25-октябрдагы токтому менен Жаныбек Бакчиев 23-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Маалым болгондой, экс-депутат Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айыпталууда. Мындай кылмыш үчүн 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Жаныбек Бакчиев «Бир бол» фракциясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаты болгон.

Copyright © 2017 Maral FM