Биз менен байланышыңыз

Сабалган эгиздер, таштандыга ташталган наристе: Аталардын жоопкерчилиги канчалык?

Коом | 13 Ноя 2023 | 993 | 0

Акыркы учурда коомчулукта үй-бүлө эки жолго түшкөндөн кийин бала тарбиялоодо атанын жана апанын орду тууралуу талкуу күчөдү. Ош облусунун Араван районундагы эгиз балдарын сабаган келиндин видеосу интернетке тарагандан кийин жана Бишкек шаарында таштанды челегине жаңы төрлгөн наристени таштаган келиндин окуясы буга түрткү болду. Бүгүнкү күндө эки аял тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө. Бул окуяга байланыштуу укук коргоочулар балдардын атасы да жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтышууда. Ал эми акыйкатчы институту энелерди камоо менен маселе чечилбей турганын айтып, аларга жазанын башка түрлөрүн кароону сунуштоодо.

8-ноябрда 23:30 чамасында Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Садыр деген ысым ыйгарылган баланын абалы орто экенин дарыгерлер билдиришти.

11-ноябрда Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын 21 жаштагы энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренесине (“Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү”) шек саналып жатат. Аны Октябрь райондук соту 2024-жылдын 11-январына чейин убактылуу кармоочу жайда калтыруу чечимин чыгарганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Бактыгүл Акматалиева буларга токтолду:

“Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси (адам өлтүрүү, кылмыш жасоого аракеттенүү) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык зарыл экспертизалар дайындалды.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин  жана Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган А.С. аттуу жаран Тергөө кызматына жеткирилип, тартипке ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Буга чейин маалымдалгандай, ымыркай №1 төрөт үйүнө которулган, учурда абалы туруктуу”.

Буга чейин Ош облусунун Араван районунда апасы эгиз кыздарды сабап жаткан видео интернетке тараган. Коомчулукта кызуу талкуулангандан кийин милиция кызматкерлери анын өздүгүн тактап, шектүү катары энесин кармап, камакка алган. Кармалган жарандын экинчи турмушу экени аныкталып, кийин эгиз кыздардын өз атасы табылып, ага өткөрүп берилген. Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдиргендей, эгиз кыздардын апасы алимент алуу үчүн сотко кайрылган эмес.

«Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекованын айтымында, мындай учурда атанын да жоопкерчилиги каралуусу зарыл. Эгер атанын жоопкерчилиги каралбаса мындай көрүнүштөрдү токтотуу кыйынга турат.

“Атанын да жоопкерчилиги каралуусу керек. Баланы мындай абалга таштагандан кийин ата-эне мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылуусу зарыл. Баланын атасы изделүүсү керек, ким экени, өздүгү такталып, кандай болуп балалуу болуп калды, булардын баарына иликтөө жүрүүсү керек. Балдар оор абалда ташталууда, бул жерде апасынын эле жоопкерчилиги каралбастан, атасы да жооп берүүсү кажет. Мыйзамдын чегинде жазаланбаса, эркектер жаш кыздарды балалуу кылып коюп, жоопкерчиликти аларга жүктөп коюп, качып жүрө берет. Балдардын өмүрүнө коркунуч алып келе турган абалда калтыруу, камкордуксуз таштоо бул — күнөө, кылмыш болуп эсептелет”.

Турдубекова жаңыдан үй-бүлө куруп жаткан жарандар никеге туруудан мурда үй бүлө, бала тарбиялоо боюнча курстардан, окутуудан өтсө коомчулукта мындай көрүнүштөрдүн алдын алууга мүмкүндүк болорун кошумчалады.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимованын айтымында, жаңы үй-бүлө кура турган жарандарды курс менен окутуу кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Алардын канчасы келет, канчасы келбейт, анын эффективдүүлүгү канчалык болору чоң маселе.

Анын пикиринде үй-бүлөдөгү жоопкерчилик тууралуу мектептин, жогорку окуу жайлардын программасына киргизсе жакшы болмок.

Ал ошондой эле үй-бүлө кодексин, жарандык кодексти кайра карап чыгуу зарылдыгын жана атанын да жоопкерчилиги сөзсүз каралуу керектигин кошумчалады.

“Жарандык тартипте атанын жоопкерчилиги каралаган эмес. Мындай маселелер терең каралып чыгуусу керек, ар биринин өзүнүн жагдайлары бар. Мисалы, кайсы учурда ата жооп берет, кайсы учурда энеси жооп берет ушулардын баары каралуусу керек. Ошондой эле азыркы учурда ажырашып жатканда да алимент төлөбөй жүргөндөр, сотко келбей жүргөндөр да толтура. Акыркы күндөрү ойлонуп жатам, үй-бүлө кодексин, жарандык кодексти карап чыгуу зарыл болуп турат. Алгач алардын статистикасын чыгаруу керек. Жоопкерчилигин киргизгенде аны кайсы орган аткарат, атасы миграцияга кетип калган болсо анда кандай кылуу керек? Жалпысынан бардык механизимдерди иштеп чыгуу зарыл. Бул маселе терең. Бүгүнкү күндө жаш келиндер аябай кыйналып жатат, орчундуу маселе”.

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиевдин пикиринде балдар ата-энеси тарабынан сабалган учурда терең изилдениши керек. Аларды жазалоо иретинде жоопкерчиликке тартпастан, башка жолдорду таап, аларга социалдык кызматкерлер тарабынан моралдык жана психологиялык жардамдар көрсөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө жакшы болмок.

“Үй-бүлө кодексинин 68-беренесине ылайык, ата да, эне да балдарды тарбиялоо, өстүрүүгө тең укуктуу жана милдеттүү. Алар өз балдарынын ден соолугуна, рухий, адеп-ахлактык жактан жетиштирүү милдеттүү.

Атанын да, эненин да жоопкерчилиги каралуусу керек. Бирок жазалоо иретинде эмес, тескерисинде мындай абалга түшүүсүнө эмне себеп болду, мындан кантип чыгуу керектигинин жолдорун айтып, терең изилдениши керек. Социалдык кызматкерлер ал үй-бүлөнү каттого алып, алар менен тыгыз иштешип, жумушсуз болсо аларга жумуш таап берүүнү караштырууга муктаж”. 

Кыргызстанда буга чейин да балдарын ар кандай абалда, ар кайсы жерге таштаган учурлар катталаган. Бирок алардын саны тууралуу так статистикалык маалымат жок.

2022-жылдын май айында «Дордой -2» жаңы конушунда жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылган. Анда милиция окуяны каттап, балдардын тек-жайын аныктоо иштерин жүргүзгөн. Ошол эле жылдын май айында Талас облусунда 39 жаштагы аял токойдо төрөп, ымыркайын тирүүлөй топуракка көмүп кеткени аныкталган. Ал аял башка дагы төрт баласы бардыгын, кийинкисин багууга шарты жоктугунан улам ушундай кадамга барганын айткан.

2022-жылдын 4-мартында Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин биринин алдына жаңы төрөлгөн наристе калтырылган. Бала оролгон жууркандын ичиндеги катта «Баланы карай албайм, 2022-жылдын 1-мартында туулган» деп жазылган. Милиция ымыркайды эне жана баланы коргоо Улуттук борборуна өткөрүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM