Биз менен байланышыңыз

Президент: Жаштарды ар кандай деструктивдүү күчтөрдүн таасиринен коргоо керек

Кыска кабар | 10 Ноя 2023 | 242 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады. Ал жаңы Кыргызстанды курууга багытталган коомдук-саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууда жаштардын ролу артып жатканын белгиледи.

Жапаровдун айтуусунда, саясий жана жарандык позициясы бар жүздөгөн жаш мекендештер бийликтин бардык бутактарында жетекчилик кызматтарда иштеп келишүүдө.

Мамлекеттик жаштар саясатын өркүндөтүү максатында «Жаштар жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Жакында «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форумун өткөрүү мерчемделип жатат.

Ошол эле учурда жаштарды ар кандай деструктивдүү күчтөрдүн жана агымдардын терс таасиринен коргоо актуалдуу милдет экенин белигеди.

«Жаштардын билим алуу, эне тилин билүү, жумушсуздук, арзан турак жай менен камсыздоо, миграция агымын азайтуу, салттуу эмес диний агымдардын таасиринен сактоо сыяктуу маселелери курч экени маалым. Мындай олуттуу көйгөйлөр мамлекеттин көңүл чордонунда.

Биз жаштарыбызды ата-бабалардын наркын сактоо, эли-жерин сүйүү жана мамлекеттүүлүк идеяларын туу тутуу деми менен тарбиялоо, улан-кыздардын таланты менен жөндөмүн ача билүү боюнча баштаган масштабдуу иштерди улантабыз» , — деди президент.

Дүйнөлүк жаштар күнү 1945-жылы 29-октябрдан 10-ноябрга чейин Лондондо өткөн жаштар конференциясында белгиленип калган. Ал эми Кыргызстанда бул майрам 2002-жылдан тарта белгилене баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM