Биз менен байланышыңыз

«Чурка же өл!». Интернетте балдардын өмүрүн тобокелге салган жаңы оюн

Коом | 9 Ноя 2023 | 846 | 0

Милиция соцтармактарда коркунучтуу оюн тарап жатканын эскертти. Оюндун аталышы «Чурка же өл». Анын шарты боюнча, балдар автоунаанын жакындашын күтүп, анын алдынан атайын чуркап өтүшөт. Оюндун шарты ылдам чуркап өтүү же өмүрү менен кош айтышуу. Бул өспүрүмдөрдү кырсыкка кириптер кылган соцтармактардагы челленж. КМШ өлкөлөрүндө тарап жаткан бул оюндан улам, кыргыз милициясы ата-энелерди балдардын соцтармактарын көзөмөлдөп турууга чакырды. Ал эми психологдордун айтымында, мындай оюндардын таасирине үй-бүлөдө көңүл сыртында калган балдар бат кабылат. Мындай оюндар балдар үчүн канчалык кооптуу? 

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы соцтармактарда «Чурка же өлөсүң» деген аталышта коркунучтуу оюн тарап жатканын эскертти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу ата-энелерди балдардын соцтармактарын көзөмөлдөп турууга чакырат.

«Бизде Кыргызстанда мындай факты катталган жок. Бирок Казакстанда, Орусияда мындай оюндар күчөп жатат. Биздин башкармалык да ата-энелерди балдарын көзөмөлдөөгө чакырабыз. Телефон көп колдонгон, мектепте тартиби туура эмес багыттагы балдарды көзөмөлгө алууга чакырабыз. Башкармалык тарабынан да атайын видеороликтер тартылып, коомчулукка профилактика иретинде жайылтылууда».

2016-жылы Британияда пайда болгон «Көк кит» оюну дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан жүздөгөн өспүрүмдүн өз өмүрүнө кол салуусуна себеп болгон.

Ошол жылдын ноябрь айында аталган оюнду Орусиянын аймагында «Вконтакте» кызматындагы баракчасы аркылуу жүргүзгөн Филипп Будейкин камакка алынган. Будейкин тергөө учурунда дүйнө калкынын жарымы биоташтанды экенин айтып, алардын өз өмүрүнө кол салуусу жерди таштандыдан арылтарын билдирген.

Ал эми психологдор адатта мындай оюндардын таасирине үй-бүлөдө көңүл сыртында калган балдар бат кабылаарын айтышкан.

Психолог Венера Урманбетова балдардын мындай оюндарга азгырылганына ата-энелер тарабынан жетиштүү убакыт бөлүнбөй жатканын жүйө келтирди.

Муну менен катар ал балага жакындары тарабынан мээрим жетишпесе да ушундай оюндарга тез тартыларын айтат.

«Азыркы учурда ата-энелердин балдарына толук кандуу убакыт бөлүп, алар менен сүйлөшүп, чогуу ойногонго убактысы жок. Баланын ичинде толтура эмоциялар бар. Мисалы таарыныч, өзүнү күнөөлүү сезүү, ачуулануу жана башкалар. Ата-энелер өздөрү ар канда травмалар менен жашашат. Ошондуктан балдарына жетиштүү мээрим бере алышпайт. Туура тарбия да бере алышпайт. Анан балдар интернетке кызыгып, телефондо отурушат. Анан «ушундай кыл» десе, «мен кыла алам, баарынан жакшы кылам» деп өзүн-өзү мактап, ошол оюнга барат. Чуркап өткөндөн кийин өзүн-өзүн мактап, өзүнө баа берип, өзүнө колдоо көрсөтөт».

2018-жылдын башында Латын Америкада пайда болгон «Момо» оюну Аргентинадан баштап Японияга чейин тараган. Адистер анын өлүмдү эстеткен коркунучтуу жүзү психологиялык жактан бышып жетиле элек өспүрүмдөрдү дароо арбап, коркунучка түртөрүн айтышкан.

Ал коомдук желеде күтүүсүз пайда болуп купуя жазышууга өтөт. Ал жерде ар түрдүү үрөй учурган сөздөрдү жазуу учурунда «туткунунун» профилиндеги бардык маалыматтарды алып коёт. Жеке маалыматтарды курал катары пайдаланып, өзүн каршысындагы адамды жакшы тааныган же жанында аңдып жүргөн катары таанытат. Ошону менен ар кандай тапшырмаларды берип, акырында  өз өмүрүнө кол салууну буйруйт.

Дагы бир психолог Алтынай Кариева мындай оюндардын көпчүлүгүнө өспүрүм курактагылар тартыларын белгиледи.

Психологдун айтымында, өспүрүм куракта балдардын гормоналдык фон өзгөрүп, 9 жаштан 17 жашка чейин бала ата-энесинен алыстап, досторуна жакындап баштайт.

Кариева ушул куракта балага өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

«Көп учурда ата-эне кандай балдар менен достошуп жатканын билбейт. Бала өзүнө окшош бирөө менен же өзү кылалбаган нерсени кыла алган бирөө менен достошот. Эгер бала жоош болсо, анда лидер бала менен сүйлөшкүсү келет. Алар үчүн тобундагы авторитети маанилүү. Мисалы бир досу ушундай оюн бар экен, мен кылып көрдүм, сен кыл аласыңбы деши мүмкүн. Сен кыла албайсың го деп айтып койсо, намысына тийип кетет. Анан ошону кылат. Өспүрүм куракта бала тобокелдикке сала берет. Кесеттерин ойлобойт. Так түшүнбөйт».

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) изилдөөсүнө ылайык, күн сайын 175 миңден ашык бала биринчи жолу интернет мейкиндигине кошулат. Ал эми M-report жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 60% интернетте өзүн коопсуз сезишет.

Кыргызстанда 2019-жылдын эки айында өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 факты катталган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «48 саатка жогол» оюнуна түшүндүрмө берген учурда билдирген.

Социалдык тармактарда күчөп жаткан «48 саатка жогол» деген оюндун эрежеси боюнча, ага катышкан бала эч кимге айтпай эки суткага дайынсыз жоголушу керек. Оюндун максаты — көпчүлүктү кабатыр кылуу. Дайынсыз жоголгон адам жөнүндө канча көп айтылып, маалыматтар бөлүшүлсө, ага ошончолук көп упай берилери айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM