Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Агенттикти буга чейин Мырзабек Жыпаркулов жетектеген.
Нурдан Орунтаев 2022-жылы августта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жарлыгы менен Бишкектин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча вице-мэри болуп дайындалган. Буга чейин ал мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору болуп иштеген.