Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров Парижге жөнөп кетти

Кыска кабар | 9 Ноя 2023 | 237 | 0

Президент Садыр Жапаров 9-11-ноябрда «Париж» тынчтык форумунун алкагындагы «Бир планета саммитине» катышуу үчүн Францияга иш сапар менен кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Мамлекет башчы ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон, ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) башкы катчысы Матиас Корман, Франциянын энергетика тармагындагы Électricité de France жана Total компанияларынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мындан тышкары, президенттин катышуусунда биринчи кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM