Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Газадагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырды

Кыска кабар | 9 Ноя 2023 | 301 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда Ташкент шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде сөз сүйлөп жатып, Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотууга чакырды.

«Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске көңүлүбүз ооруп, зээнибиз кейип, байкап отурабыз. Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Иш-чарага уюмга мүчө — Азербайжан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары, ошондой эле Казакстан жана Пакистандын өкмөт башчылары, ЭКУнун башкы катчысы Хусрав Нозири катышууда.

Мындан тышкары, Жапаров Ооганстан элине гуманитардык жардам көрсөтүү жана афган экономикасын калыбына келтирүүгө көмөктөшө турган долбоорлорду колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Акыркы маалыматтар боюнча Газа тилкесинде өлгөн адамдардын саны 10 миңден ашты, жаракат алгандар 25 миңден ашык адам.

Copyright © 2017 Maral FM