Биз менен байланышыңыз

Улуттук госпиталда жаңы МРТ аппараты ишке кирди

Кыска кабар | 5 Ноя 2023 | 432 | 0

Улуттук госпиталда жаңы МРТ аппараты ишке кирди

Кечээ, 4-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томографиялык аппараттын ачылыш аземи болуп өттү. Бул заманбап МРТ аппараты Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында сатылып алынган.

Алдыңкы технологиялар менен жабдылган жаңы медициналык аппарат бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык изилдөөгө, анын ичинде COVID-19дун ар кандай кесепеттерин аныктоого мүмкүндүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM