Биз менен байланышыңыз

Президент: Тышкы карызды төлөөгө толук күчүбүз жетет

Кыска кабар | 4 Ноя 2023 | 294 | 0

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, мамлекеттик тышкы карыз төлөп кетүүгө толук күчүбүз жетет деп белгиледи.

Өлкө башчынын айтымында, мурда тышкы карызды төлөө үчүн кайра эле тыштан карыз алынып, же гранттык каражаттар менен жабылып келген.

«Эгемендик алып, өз алдынча мамлекет болгон күндөн тартып 2020-жылга чейин чогулган карызыбыз 5 млрд АКШ долларынын тегереги болгон. Ушул карызды үстөгү менен толу кайтара турган мезгил менин жана менин командамдын бийликте турган мөөнөтүнө туш келип олтурат. Пандемияга чейинки Кыргызстандагы кризис, бюджеттин тартыштыгы, пандемиядагы жана пандемиядан кийинки кризис жана дүйнөдө болуп жаткан азыркы каатчылыктарга карабай, өз убагында төлөп келе жатабыз», — деди президент.

Жапаров билдиргендей, тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу келерки — 2024-жылга туура келүүдө (төмөндөгү диаграммадан көрсөңүздөр болот).

«Эң башкысы, биз тышкы карызды өз күчүбүз менен, тактап айтканда, бюджеттик каражаттардын эсебинен жаап жатабыз. Мурда болсо кайсыл бир бөлүгүн кайра эле тыштан же грант, же карыз алып жапчубуз», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM