Кыргызстанда бала бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Буга чейин балдардын тамагы 50 пайызы ата-эне, ал эми жарымы жергиликтүү бийликтин эсебинен каржыланып келген. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо мамлекеттик бала бакчалардагы ысык тамактын акчасына байланыштуу маселе кайра каралып чыгарын айтты.
Асия Өмүрбекованын уулу Бишкектеги мамлекеттик бала бакчалардын бирине барат. Ал баласынын тамагы үчүн айына 2400 сом төлөйт.
Анын айтымында, эгер тамак-ашка болгон баа кымбаттаса, жеке менчик бала бакчалардан айырмасы деле жок болуп калат.
Ошондой эле ал мамлекеттик бала бакча болгондуктан кийин жеңилдиктер каралып, тамак менен мамлекет камсыздаш керектигин белгиледи.
«Азыр бардык жерде ушул маселе сөз болуп жатат. Эми ата-энелер бала бакчага барган балдарынын тамак-ашын өз чөнтөгүнөн каржылайт деп айтылып жатат. Биз ар бир балага 2400 сомдон балдардын тамагына берип жатабыз. Башка ата-энелер менен да бул маселени талкуулап жатабыз. Башкалардын да бул боюнча азырынча толук маалыматы жок. Эмне себептен кымбаттап жатат түшүнүксүз болууда. Буга чейин жарымын өзүбүз, жарымын мамлекет каржылап келген. Эми баарын толук өзүбүз төлөсөк, кандай болуп калат. Мындан сырткары жыл сайын окуу куралдарын алып беребиз. Ал деле 10 миңден ашып кетет. Ошондой эле белек бериш керек, ар кандай майрамдарды өткөрүүдө акча кетет».
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматкери Гүлмира Уметалиева билдиргендей, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин каттоосунда турган калктын социалдык жактан аялуу катмарынын балдарына жергиликтүү бюджеттен каржылоо сунушталат.
«6-пунктта «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат» деп көрсөтүлгөн. Ушул эле мыйзамдын 64-беренесинде мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды расмий жарыяланган күндөн тартып, календардык бир жыл ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирүү көрсөтүлгөн. Ошондуктан “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренеси мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар кабыл алынгандан кийин ишке ашырылат. Учурда президенттин 1992-жылдын 12-февралындагы № УП-48 Жарлыгына ылайык, ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө, ата-энесинин иштеген (окуган) жерине карабастан, бала бакчага баланын бир жолу баруусу үчүн суткадагы тамак-аштын иш жүзүндөгү наркынын 50 пайыз өлчөмүндө төлөмү белгиленген».
Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик бала бакчалардагы ысык тамактын акчасына байланыштуу маселе кайра каралып чыгарын айтты.
«Өткөндө парламентке «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору келген. Анда ваучердик каржылоонун ичинде бала бакчалардагы ысык тамакты ата-эне каржылайт деген нерсе келип калыптыр. Азыр ошону парламенттеги социалдык комитети менен кайрадан алууну карап жатабыз. Мыйзамга кайра өзгөртүү киргизип, бала бакчаларда ысык тамакты ата-эне эмес, мамлекет каржылай тургандай милдеттенме киргизебиз».
Ал эми билим берүү тармагы боюнча адис Саадат Сатарова мамлекеттик бала бакчаларда балдардын тамактарын мамлекет каржылаш керектигин белгиледи.
Адис мамлекеттин каражаты жетишсиз болгондуктан, ата-энелерден колдоого муктаж болуп жатканын айтат.
Ал ата-энелер балдарынын келечекте дени сак болушу үчүн бул сунушту түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.
«Бүгүнкү күндө өлкөнүн билим берүү тармагына жакшы эле көңүл бурулуп келе жатат. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланып келген. Бирок каржылоо толук кандуу жетишпей жатканы баарына белгилүү. Балдарга убагында ысык тамак берүү үчүн, аларга жетиштүү витамин берүү үчүн каражат керек. Эгер мамлекет тарабынан берилген каражат жетишпесе, ата-энелер да баласы үчүн колдоо көрсөтүп койсо болот».
Мыйзам кандай ишке ашат, бала бакчага төлөнө турган акча жогорулайбы, азырынча айтыла элек.
Кыргызстанда бала бакчанын жетишсиздиги — социалдык орчундуу маселелердин бири. Быйыл үй шартында бала бакча ачып иштетем дегендерге талаптар жеңилдетиле баштады. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1712 бала бакча бар, аларда 199 миңдей бөбөк тарбияланып жатат.