Биз менен байланышыңыз

Унаасын алдап алып, ээсин капчыгайда өлтүрүп койгон шектүү кармалды

Кыска кабар | 2 Ноя 2023 | 812 | 0

«Унаасын алдап алып кетип, ээсин өлтүрүп койгон» деген шек менен 30 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 22-октябрында Чычкан капчыгайынан кырсыкка учураган «ВАЗ-21074» унаасы табылган. Алгач «айдоочу рулду башкара албай калышы мүмкүн» деген божомолго токтолушкан. Себеби унаа капчыгайда чоң ташка такалып турган. Салондон жаш жигиттин сөөгү табылган.

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жеринен кароо жүргүзүп, демейки кырсык болбогонун аныкташкан. «Бирөөлөр атайын жасап коюшу мүмкүн» деген шек менен иликтөө жүргүзүшүп, көз жумган жигиттин Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин тургуну 2001-жылы туулган Т.Б. экенин такташкан.

Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин бөлүмдөрүнүн баарына кабар берилген.

Окуядан бир мурун Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө тигүү цехтеринин биринде иштеген 2001-жылы туулган уулу Т.Б. 20-октябрда «Тойота Кроун» унаасын айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айтып, бир адам арыз жазган. Буга байланыштуу Бишкек шаардык милиция кызматкерлери издөө жарыялашкан.

Тыкыр иликтөөлөрдөн кийин Чычкан капчыгайында сөөгү табылган жигиттин Бишкекте изделип жаткан адам экени белгилүү болгон.

Бул факты милиция башкармалыгында катталып, башка бөлүмдөргө кабар таратылган. Камераларды кароо учурунда айтылган «Тойота Кроун» унаасын белгисиз адам айдап баратканын көрүшкөн. Унаанын изине түшкөн милиция кызматкерлери соода комплекстердин биринде иштеген Чүй облусунун 1998-жылы туулган тургуну Э.А.ны кармашкан. Ал адам суракта унааны 21-октябрдын түнүндө социалдык тармактагы жарнамадан көрүп, 8700 долларга эч кандай ишеним катсыз сатып алганын айтып берген.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын 2-бөлүмүнүн кызматкерлери бул маалыматтын негизинде Кадамжай районунун 1993-жылы туулган тургуну К. уулу А.ны колго түшүрүшкөн.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, шектүү унааны Т.Б.дан алдап алып, Э.А.га сатып жиберген. Андан соң унаанын ээсин «акчаңды берем» деп чакырып, өзүнүн «ВАЗ-21074» унаасына салып, Чычкан капчыгайына бараткан жолдо сабап өлтүрүп, кылмышты жашыруу максатында өлгөн жигитти унаанын ичине жаткырып, сайга түртүп жиберип кетип калган.

Эске салсак, 2021-жылдын июнь айында Москва шаарынын Никитинская көчөсүндө токтоп турган «ВАЗ-2107» унаасынын арткы отургучунан белгисиз аялдын сөөгү табылган. Аялдын өздүгү такталып, ал 1977-жылы Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны К.А. экени, көптөн бери изделип жатканы аныкталган. Иликтөө иштери Кыргызстанда да жүргүзүлүп, ушул эле К. уулу А. кылмышка шектүү катары Баткен районунан кармалып, бирок далил жетишсиз болгондуктан кайра коё берилген.

Учурда К. уулу А. Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Кошумча иликтөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM