Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүү демилгеси боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Анын айтымында, коомчулуктун пикири дагы эске алынат.
«Албетте, социалдык тармакта талкуу болуп жатат. Ошол эле учурда туура сындар бар, туура эмес сындар бар. Алардын баарын карайбыз. Бирок биз бул өзгөртүүнү жасайбыз», — деди ал.
«Бул демилге өзүңүздүкүбү?» деген суроого «албетте» деп жооп берди спикер.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган.
Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.
Ал эми азыркы желектин авторлору бүгүнкү күндө колдонуп жаткан желектин түп нускасы өзгөрүп кеткенин, желектин стандарттары сакталбай жатканын айтышууда.
Бул демилге коомчулукта ар кандай сын пикирлерди жаратууда.