Энергетика тармагынын кышка даярдыгы «жакшы» деп баалады.
Бүгүн, 30-октябрда «Чүй электр тармактары» ишканасынын имаратында Энергетика министрлиги тогуз айдын жыйынтыгын чыгарган отурум өткөрдү.
Жыйында министрликтин, министрликке караштуу мекемелердин, отун-энергетика комплексинин жетекчилери, жооптуу адамдары 2023-жылдын тогуз айында жасалган иштер, 2024-жылга карата даярдык тууралуу отчёттук баяндамаларын жасашты.
Отчёттук баяндамада төмөнкү аткарылган жана мерчемделген иштер айтылды:
- Кыштан жакшы чыгуу үчүн 2024-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычына 6.7 млрд куб метр суу толтуруу пландалган. Ошондой эле быйыл 3,2 млрд кВТ/с электр энергиясын импорттоо каралган.
- Жалпы өлкө боюнча келе жаткан кышка 1 млн 276 миң тонна көмүр, 54 миң тонна мазут керектелет. Учурда калкка 739 миң тонна көмүр, бюджеттик мекемелерге 189 миң тонна көмүр жеткирилген.
- «Кыргызстан улуттук электр тармактары» 128 трансформатордук подстанция орнотуп, 414,09 километр кабель тарткан. Аны менен катар өлкө боюнча 321 миң 669 «акылдуу эсептегич» коюлган. 102 атайын техника алынып, райондук электр тармактарына таратылган.
- «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасы 40 отказан орноткон. Кошумча суу менен камсыздоо максатында 9 скважина бургуланган.
- «Бишкек жылуулук тармагы» 7 атайын техника сатып алган, ички каражаттын эсебинен 2 миң 385 метр жылуулук түтүктөрү алмаштырылган. Дүйнөлүк Банк каржылаган «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында 221 жеке жылуулук пункту коюлган. «Чыгыш» долбоорунун алкагында 2 миң 326 метр 900 миллиметрлик түтүктөр жаңыртылган.
- Бишкек ЖЭБди жана башка жылуулук тармактарын 1200 тонна көмүр менен камсыздоо пландалууда. Мунун ичинен Д, ДГ, Г маркасындагы көмүр тыштан алынат; 650 миң тонна көмүр (600 миң тоннасы БЗ, БР маркасындагы Кавак көмүрү, 50 миң тоннасы ДСШ маркасындагы Түндүк Фергана көмүрү) өлкөдөгү кендерден ташылат. Ошондой эле 70 млн 110 миң куб метр табигый газ, 5 миң тонна мазут алынат. Учурда Бишкек ЖЭБде 309 миң 700 тонна көмүр, 976 тонна мазут бар.
- «Чакан ГЭС» 19 гидроагрегатты оңдоодон өткөргөн. «Аламүдүн-3» чакан ГЭСине 6300 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформатор орноткон. Автобазасын жаңылап, жумушчулар үчүн 2 унаа алган. Ушул жылдын аягына чейин Бала-Саруу чакан ГЭСин ишке киргизүүнү пландап жатышат.
- «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 3 атайын техника сатып алган. Кара-Кече көмүр кенинин аймагына 4 даана (1 комплект) электрондук шлагбаум орноткон. Аны менен катар Кара-Кечеге 20, Балыкчыга 7 видеокамера койгон. Учурда көмүр Антимонополия агенттиги аныктап берген баа менен Бишкек шаарында 4 миң 700 сомдон, түштүк аймактарда 5 миң сомдон сатылып жатат. Бишкекте 7, түштүктө 10 отун база ачылган. Август айынан бери ЖЭБге, бюджеттик мекемелерге жана жалпы элге 285 миң тонна көмүр жеткирилген. Кара-Кечеде 9 айдын ичинде 662 миң тонна көмүр казылган. Бишкек ЖЭБге 44 миң 600 тонна көмүр жеткирилген.
- «Электр станциялары» ишканасынын кышка даярдыгы аяктоо алдында турат. Учурда Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 11 млн 875 миң 50 куб метрге жеткен, суунун агымы секундасына 218 куб метрди түзүүдө, коротулган суу секундасына 270 куб метр болууда. Бардык ГЭСтеги оңдоп-түзөө иштери мерчемделген тартипте кетип жатат. Кышка даярдык пландын негизинде жүрүүдө.