Биз менен байланышыңыз

Наристелердин туура өсүшүн көздөгөн долбоор ишке кирди

Билим-маданият | 30 Окт 2023 | 3694 | 0

Кыргызстандагы балдардын туура жетилишин көздөгөн «Биз кам көрөбүз (We care)» долбоору башталды. Демилге Билим берүү жана илим министрлиги менен «Ага Хан» фондунун кызматташуусунун негизинде жүзөгө ашырылууда. Долбоор атайын мекемелерди ачып, балдарга тарбия берүү менен бирге ишкер аялдарга экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү максат кылат. Үч жылдык долбоорго 3 млн доллар жумшалат. 

Бишкекте бүгүн балдарга кам көрүү аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоордун расмий ачылышы өттү.

«Биз кам көрөбүз (We care)» долбоору кийинки үч жылдын ичинде 100дөн ашык мектепке чейинки билим берген мекемелерге жардам көрсөтөт. Ошондой эле 700дөн ашык мугалимди жана тарбиячыны окутат.

«Ага Хан» фондунун Тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана колдоо борборунун директору Максатбек Патаев долбоор келерки үч жылда ишке ашырылып, балдардын туура жетилишине жана ушул тармактагы кызматтарды жакшыртууга салым кошорун белгиледи.

Муну менен катар ал өлкөдөгү ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да жардам берерин кошумчалады.

«Наристелерди өнүктүрүүнү колдоо үчүн ишкер аялдар менен атайын долбоор ачылып жатат. Кыргызстанда 70 пайыз бала бакчага барбайт. Мурда мамлекет бала бакчаларды куруу менен алектенсе, бүгүнү күндө жеке тармактарды, бизнес чөйрөсүн да тартууда. Буга чейин долбоорду жазууда атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Көбүнчө район борборлорунда, чакан шаарларда бала бакча ачууга ниети бар айымдар көп экени аныкталган. Аларга каттоодон өтүү, бизнес моделин жасоо, окуу программасынын жоктугу тоскоолдук жаратып келген».

2014-жылдагы Мультииндикатордук-кластердик изилдөөнүн жыйынтыгында 3-5 жаштагы балдардын 23%ы гана бакчага барары белгилүү болгон. Шаар жеринде бала бакчага баргандар 40,5%ды түзсө, айылдарда 16%ы гана бакчага барары такталган.

Билим берүү жана илим министрлиги балдарга туура тарбия берүүгө багытталган программаларды ар дайым колдоого аларын билдирди.

Тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана колдоо борборунун директору Патаев бүгүнкү күндө 10дон ашык бала бакча ишке киргенин айтат.

«Биз долбоордун биринчи этабын «Бактылуу бала» деген аталышта ишке киргизгенбиз. Биринчи этапта бир катар багыттар боюнча иш алып барганбыз. Лицензия алуу үчүн атайын адистерди чакырып, андан тышкары окутуу программасын жасоо үчүн Билим берүү министрлиги менен иштештик. Бүгүнкү күндө 10дон ашык бала бакча ушул багытта иштей баштады. Биз  аларга эмеректерин алып бердик. Долбоор ийгиликтүү ишке ашкандан кийин жайылта баштадык. Мамлекеттик деңгээлде алып чыгуу үчүн ЮСАИД менен биргеликте ишке ашырып баштадык».

Өлкөдө буга чейин да наристелерди туура жетилтүү максатында бир канча долбоор иштеп келген. Алардын катарына «Бешке чейин үлгүр» демилгеси да бар. Анын алкагында атайын тиркеме даярдалып, ар бир жаранга телефон аркылуу колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындан сырткары борбордун өкүлү Патаев долбоор үч этапта иш алып барарын айтып берди.

«Биринчи мамлекеттик бала бакчаларды жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте оңдоп-түзөп, курулуштарына жардам берилет. Ал эми экинчи этапта 70тен ашык бала бакчаны колдоого алынып, ошондой эле ишкер айымдар окутулат. Бала бакчанын ачылышына чейин аларды колдоп, юридикалык жактан жардам берилет. Үчүнчү багыты учурда иштеп жаткан бала бакчаларга жардам көрсөтүлөт. Мисалы, жаңы бөлүмдөрдү ачууга, башка райондорго жайылтууга, башкача айтканда, ишин илгерилетүүгө көмөк көрсөтүлөт».

«Ага Хан» фондунун башкы директору Давлатсултон Доргабекова бул долбоор Кыргыз Өкмөтүнүн 2020-2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясына чоң салым кошорун белгилейт.

Муну менен катар АКШнын Кыргызстандагы элчиси Элчи Лессли Вигери балдарга кам көрүү жана эрте билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө, эмгек акыны жогорулатууга түрткү берерин айтты.

Ал эми адистер баланын негизги мүнөзү кичинесинен түптөлөрүн, ошондуктан бул мезгилде ата-эне баланын туура өсүшүнө өзгөчө көңүл бурушу керектигин айтып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM