Connect with us

Караколдо чылым тартканы үчүн жеме уккан бала өз өмүрүнө кол салды

Кыска кабар | 30 Окт 2023 | 1125 | 0

Караколдогу №1 инновациялык гимназия мектебинин 9-классынын окуучусу өз өмүрүнө кол салып, каза болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Окуя 27-октябрда саат 21:00-21:30 чамасында болгон.

Апасы баласын электрондук тамеки тартып жаткан учурда кармап алган. Кечинде атасы менен апасы электрондук тамекинин зыянын айтышып, баланы катуу тилдеп коюшкан. Ата-эненин сөзүн оор кабыл алган өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.

Айта кетсек, өспүрүмдүн апасы Н.О. ушул эле мектепте география сабагынан берет, ошол эле учурда баласы окуган класстын жетекчиси да болот.

28-октябрда Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барган Догдургүл Кендирбаева баланын үйүнө кайрылып, ата-энесине кайрат айтты.

Билим берүү жана илим министрлиги  электрондук тамеки жана башка зыяндуу заттардын ар кандай жарнамалык роликтер аркылуу балдарга сатылып жатканына тыюу салуу боюнча депутаттардын демилгесин колдоорун билдирип, ага мыйзам чегинде чектөө киргизүүнү сунуштайт.

Copyright © 2017 Maral FM